Сузакта 30 000 сом пара алып жатканда криминалдык милициянын кызматкери кармалды (сүрөт)

11 ноября 2020 09:52 781 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда пара алып жатканда криминалдык милициянын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 9-ноябрда ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал- Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды. 

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-para-talap-kyluu-faktysy-boyuncha-iim-kyzmatkeri-karmaldy-srt



Добавить комментарий