Сузакта "атаң кумар ойноп 4 млн сом карыз" деп опузалап, ири суммада акча талап кылган жарандар кармалды (сүрөт)

11 ноября 2020 12:49 971 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

7-ноябрда Жалал-Абад ОИИБне Сузак районунун 29 жаштагы тургуну кайрылып, өз арызында мага сырттан тааныш болгон Сузак районунун тургуну У.Д. аттуу бала “атаң кумар ойноп 4 300 000 (төрт миллион үч жүз миң) сом акча карызы бар, ошону сен бересиң, жер участкаңдан 700 000 (жети жүз миң) сом алып бересиң, бербесең өлтүрөмүн, үй-бүлөңө тынчтык бербеймин” - деп опузалап коркутуп, ири суммада акча талап кылгандыгын жана 6-ноябрь күнү У.Д. өзүнүн эки шериги менен келишип, жер үлүшүңдү менин атыма өткөрүп бересиң, андан сырткары 700 000 (жети жүз миң) сом акча талап кылышып, ошол күнү менден 5000 (беш миң) сом алып кетишти деп арыз менен кайрылган.

Аталган арыз боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 7-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык Кодексинин 203-бер. 2-бөл. 2-п. менен (Опузалап талап кылуу) катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында өндүрүш ишинин алкагында ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана  ИИМдин “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад облусундагы ротасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Сузак районунун тургуну 1980-ж.т. У.Д. жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары 1982-ж.т. А.Б., о.э. 1977-ж.т. Ш.А. Сузак районунун Бишкек-Ош автожолунун 530-чакырымында жайгашкан айланпасынын жанындагы коомдук тамактануучу кафелердин автоунаа токтоочу жайынан 110 000 (бир жүз он миң) сом акча алып жаткан жеринен кармалып, КРнын ЖПКнин 98-беренесине  ылайык 48 саатка УКЖга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 1982-ж.т. А.Б. 2011-жылга чейин  аты-жөнү Б.У.А. болгондугу, ал эми 2013-жылы А.Б.А. кылып өзгөрткөндүгү, о.э. КРнын ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары (каймана аты Бадыш) каттоодо тургандыгы аныкталган.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, шектүү 1982-ж.т. А.Б. 2 айга камакка алынып Жалал-Абад ШИИБдин УКЖга киргизилген. Ал эми анын кылмыштуу шериги 1980-ж.т. У.Д. үй камагына чыгарылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-opuzalap-akcha-talap-kylgan-zharandar-karmaldy-srt



Добавить комментарий