Сузакта 16 жаштагы кыз өз агасынан көз жарды
Сузакта 16 жаштагы кыз агасынан боюнан бүтүп, көз жарды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бул окуя боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын ЖКнын 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүш жазык иши башталды.
«Аталган кылмыш ишине шектүү Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан баш коргоо чарасы 2 айга камакка алуу түрү тандалып, РИИБдин УКЖсына камалган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, учурда эне жана баланын абалы жакшы.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-16-zhashtagy-kyz-z-agasynan-kz-zhardy
Добавить комментарий ×