Сузак районунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөр көчүрүүлүдө

29 апреля 2020 11:46 1443 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча түшүндүрүү, алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрликтин Басма сөз кызматы билдирди. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Барпы, Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарындагы жер көчкү кооптуулугу жогору болгон тилкелерге Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин жумушчу тобу тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, биринчи кезекте көчүрүүгө 102 үй-бүлө сунушталган.     

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынындагы кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү иштерине жергиликтүү бийликке 20 бирдик 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилип, Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылынын Кайырма тилкесине тигилип, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, КР ӨКМнин Сузак району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү бийлик органдарынан турган комиссия курамы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonunun-kooptuu-ajmaktarda-zhashagan-j-bllr-kchrld



Добавить комментарий