Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкты
Поделиться в:
Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкты. Бул тууралу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
2018-жылдын 4-августунда саат 19:31де Жалал-Абад обусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:39да Жалал-Абад шаардык №20 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:53тө №20 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жалпы 3 бөлүм.
Өрт саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 20:40та толук өчүрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonundagy-orto-aziya-ajylynda-zhajgashkan-mechitten-rt-chykty
Добавить комментарий ×