Ала-Букада химиялык заттар аралашкан таштандылар жүктөлгөн автоунаа кармалды

28 февраля 2020 20:01 1002 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сумсар айылында 2020- жылдын 27-февралында түнкү саат 04:00 чамасында, эки жүк ташуучу “ХОВО” үлгүсүндөгү автомашина жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулуп, анда спецификалык жыты бар, химиялык заттар аралашкан таштандылар жүктөлгөнү аныкталган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы билдирди. 

Бул таштандылар “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКнан жүктөлүп чыгып, Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн аймагындагы Союз учурунан калган Сумсар кенинин амоналдык склады жайгашкан участкасынын 3га жер аянтындагы калдык жайгаштыруу жайына жеткирилип бара жаткандыгы аныкталган. Калдык жайгаштыруучу жай Сумсар айыл өкмөтү тарабынан “Жакшы-Бай” коммерциялык кооперативине 3 га жер аянты бөлүнүп берилген. Ошондой эле мамлекттик каттоодон өткөрүлгөн. Чаткал райондук архитектура башкармалыгынан (Архитектуралык пландоо шарттары) алынып, проектилери даярдалып, экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. 17.02.2020-жылы “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы менен “Жакшы-Бай ” комерциялык кооперативи, таштандыларды жайгаштыруу жана утилизация боюнча келишими түзүлгөн. Унааны жергиликтүү тургундар токтоткон кезде, айдоочулардан эмне жүктөп бара жатканы тууралуу толук маалымат ала албагандыгына байланыштуу, кооптуу химиялык зат деп коомчулукка билдирүү таратышкан. Учурда жергиликтүү тургундар бул заттар жаратылышка жана адамдарга канчалык зыяндуу уулу заттар экенин, утилизациянын мыйзамдуулугун текшерүүнү кайрылуусунун негизинде Мамэкотехинспекциянын Аймактык башкармалыгы тарабынан атайын пландан сырткары текшерүү иштери уюштурулууда. Буга чейин “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү Мамэкотехинспекция тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде текшерүүгө алынган. 

Анын негизинде өндүрүштүк коопсуздук боюнча 25 пунктан турган кемчиликтер табылып, аны жоюуга эскертмелер берилген. Учурунда берилген эскертмелер так аткарылбагандыгына байланыштуу 46 000 сом өлчөмүндөгү айып салынып, өндүрүлгөн. “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы буга чейин экологиялык коопсуздук талаптарын бузгандыгына байланыштуу 2019-жылы пландуу текшерүүдө 561 795 сом доо коюлуп, 45 000 сом өлөмүндө айып салынып, эки доо тен өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсы экологиялык жана техникалык коопсуздукка толук жооп бербейт. 

Азыркы тапта Ала-Бука райондук ИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү каттоо реестрине (нарушение правил обращение экологически опасных веществ и отходов) 248-беренесинин негизинде (ЕРПП) катталып иш козголгон. Мамэкотехинспекция тарабынан тергөө иштерине толук колдоо көрсөтүлүп, тийиштүү органдар менен биргеликте иш жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrda-specifikalyk-zhyty-bar-himiyalyk-zattar-aralashkan-tashtandylar-zhktlgn-avtomashina-toktotulgan



Добавить комментарий