Суунун үстүндө уктап калган адам башка жээктен табылды

21 августа 2019 09:01 3504 Barometr
Поделиться в:
ok

Италиянын тургуну Реджо-ди-Калабриянын жээгинде эс алып жүрүп үйлөмө матраста эч нерсе сезбей катуу уктап калып Калабриядан Сицилияга өтүп кеткен. Уйкучуну суу агымы башка жээке алпарып таштаган. Ал адамдын арадан жоголуп кеткенин байкап калган жээкте иштеген анын коллегасы дароо куткаруучуларга кабар берип, жыйынтыгында издөөгө патрулдук катерлер, полициянын жана жээк күзөтүнүн вертолеттору жиберилген.

Жоголгон адам арадан 9-10 саат өткөндөн кийин Сицилиядан табылган. Жоголгон уйкучу абдан коркуп калган. Анын коркконун байкаган куткаруучулар дароо Калабрияга жеткизишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/suunun-stndg-ujkuchunu-suu-agymy-any-bashka-zheeke-alparyp-tashtagan



Добавить комментарий