Сууну кайра-кайра кайнатуу ден соолукка өтө кооптуу

27 декабря 2019 10:01 12774 Barometr
Поделиться в:
ok

Сууну эки же андан көп жолу кайнатпаңыз.

Сууну кайнатканда ал өзүнүн касиеттерин жоготот, жана канчалык көп кайнатылса, ошончолук организмге зыян алып келет.  Идеалдуу жагдайда суусуну кайнатпай, максималдуу денгээлде тазалоочу фильтрлерди колдонуу жакшы.

Албетте, тазаланбаган сууну ичүү такыр болбойт.  Ар кандай кудуктардан дагы сууну ичүү сунушталбайт, акыркы убакта кудуктардагы сууларда оор металлдар чогулуп калуу көрүншү пайда болду, ал жер аркылуу сиңип кудукка түшкөндөн.  Организм сууну толук кандуу алып туруусу үчүн күнүнө жок дегенде 2 литр кабыл алуу керек.  Андан ашык кабыл алуу да болбойт!

 Антпесе, суу организмдеги зыяндуу нерселерден тазалабастан, пайдалуу заттарды дагы кетире баштайт. Гипергидратация аттуу оору сууну ашыкча кабыл алуудан пайда болот. Сууну канча ичүү керектигин тагыраак айтсак, 1 килограмм салмакка 30 мл суу.  Мисалы, эгер сиз 70 килограмм салмакта болсоңуз, 2 литр суу ичиңиз, 80 килограмм салмакта 2,5 литр керектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/suunu-kajra-kajra-kajnatuu-den-soolukka-t-kooptuu



Добавить комментарий