Сууктун башталышы менен Бишкекте үй -жайсыз адамдарга баш калкалоочу жайлар ачылат
Поделиться в:
Жылдын суук мезгилинде туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын баш калкалоочу жайларды уюштурат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Биринчи Май районунда Жибек Жолу проспектиси, 413 дареги боюнча ар убак иштеген "Коломто" муниципалдык үйү 70 кишиге ылайыкталып, бир маал ысык тамак жана түнөк жай менен камсыздоо каралган.
Мындан тышкары, ноябрь айынан март айына чейин калган эки райондо бир маал тамагы жана түнөгү менен убактылуу жайлар ачылат. Кыш мезгилинде баш калкалоочу жайлар күнүнѳ 100 кишиге чейин кабыл алат.
Добавить комментарий ×