Суукта тоңуп калмак. Милиция эки күндө 34 үй-жайсыз жарандын жанын аман алып калды

14 января 2021 15:02 3226 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери суукта туруктуу жашаар жери жок жарандарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Каар жаап, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаарга үй-жайы жок жарандардын айрыкча түн ичинде көчөдө суукта тоңуп, же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул бойюнча Бишкек ШИИББнын “102” кызматына да жарандар тарабынан көп кайрылуулар келип түшүүдө.

Мына ошондой туруктуу үй-жайсыз калган жарандарга карата милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардамын көрсөтүп, эки сутка ичинде сууктун күнүндө алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен, көчөлөрдө тоңуп калган жерлеринен, жер астындагы ыссык суу өтчү суу түтүктөрүндө баш калкалаган жерлеринен, ошондой эле кабат үйлөрдун астындагы поддезде, жана чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 34 үй-жайсыз жарандарды аныктап, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ыссык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандарды үй-жайсыз калган жарандардын көчөдө үшүп, же тоңүп калган фактыларын байкаса дароо “102” кызматына кабарлоого чакырат. Алар да коомдун бир болүгү экенин унутпоону эскертти.

Ссылка: https://barometr.kg/suukta-kalmak-miliciya-eki-knd-34-j-zhajsyz-zharandyn-zhanyn-aman-alyp-kaldy



Добавить комментарий