Суук башталаары менен көмүрдүн баасы да кескин түрдө кымбаттады
Бөлүшүү:
14-октябрдан баштап аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаады. Суук башталаары менен көмүрдүн баасы да кескин түрдө кымбаттады. Бул албетте "жылуулук борборуна" туташпаган жарандарды тынчсыздандырууда.
Мисалы 3-4 күн мурда тоннасы 3400 сом болгон Кара-Кече көмүрү бүгүн 3600 сомго жогорулады. Сатуучулардын айтымында дагы да жогорулайт.
16-октябрга карата 1тонна көмүрдүн баасы:
- Кара-Жыра 4100 сом;
- Шабыркул 4200 сом;
Кара-Кеченин тандалма көмүрү 5000 сом болууда.
Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары "Бишкек жылуулук борбору" качан жылуулук берет деп кайгырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/suuk-bashtalaary-menen-kmrdn-baasy-da-keskin-trd-kymbattady
Добавить комментарий ×