Суучулдар 42 метр тереңдике кирип "Папан" суу сактагычынын тосмосун оңдоп жатышат

28 сентября 2022 16:12 2507 Barometr
Поделиться в:
ok

Суучулдар 42 метр тереңдикке кирип "Папан" суу сактагычынын тосмосун оңдоп беришти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалыматтта, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун суучулдары тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан "Папан" суу сактагычынын тосмосу оңдолгон.

"42 метр тереңдиктеги суу алдында техникалык иштерди жасоого борбордон 6 суучул тартылган.

Бул иш атайын тендердин негизинде ишке ашырылды

"Папан" суу сактагычы 1984-жылы пайдаланууга берилген. Ал сугат иштери жана таза суу алуу үчүн пайдаланылат", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/suuchuldar-42-metr-terezhike-kirip-papan-suu-saktagychynyn-tosmosun-odop-zhatyshat



Добавить комментарий