Суу түтүктөрүнөн арак агып. Индияда болгон окуя

7 февраля 2020 16:33 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын Керала штатында көп кабаттуу үйдүн суу түтүктөрүнөн алкоголь акканын BBC телеканалы билдирди.

Жергиликтүү тургундар адаттан тыш окуяга сүйүнбөстөн, ага жергиликтүү бийликти күнөөлөдү. Себеби крандан таза суунун ордуна сыра, бренди жана ром арактарынын аралашмаса аккан. Анын кесепетинен тургундар жууна албай бир топ ыңгайсыздык тартышкан.

Териштирүү учурунда көп кабаттуу үйдүн жанында мыйзамсыз ташылып келген алты миң литр алкоголь куюлган бочкалар табылган. Тилекке каршы алардын айрымдары тешилип калып, андагы суюктук көп кабаттуу үйгө кеткен суу каналына куюлуп калган.

Жергиликтүү бийлик тургундарга суу ташып келип, кемчиликти жойгон.

Ссылка: https://barometr.kg/suu-ttktrnn-arak-agyp-indiyada-bolgon-okuya



Добавить комментарий