Бир суткада жаңы 269 учур катталып, 3 адам көз жумду
2020-жылдын 29-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 269 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Алар:
Бишкек ш. – 138
Чүй облусу - 43
Ош ш. - 23
Ош облусу - 6
Нарын облусу - 4
Жалал-Абад облусу - 26
Ысык-Көл облусу - 16
Талас облусу - 9
Баткен облусу - 4
Республика боюнча жалпы - 5 017 учур катталды.
Ошондой эле өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 1 (аял киши, 1966-жылкы);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек киши, 1953-жылкы);
3. Ош гуманитардык университетинин клиникасынан – 1 (эркек киши, 1959-жылкы).
Жалпы каза болгондордун саны 50 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-zhay-269-uchur-kattaldy
Добавить комментарий ×