Жалал-Абадда бир сутка ичинде 19 ар кандай кылмыштар жасалды
Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу экенин айматын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 22-апрелинен 23-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп 19 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 8 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2170 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 13 атуул.
Ал эми Сузак районунан – 1 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 131 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 132 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Добавить комментарий ×