Дагы 22 медициналык кызматкерге коронавирус жукту
Поделиться в:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкерге коронавирус жукканы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык штаб билдирди.
Анда Бишкек шаарында– 12, Чүй облусунда – 3, Ош шаары – 5 жана Ош облусунда – 2 учур катталды.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/sutka-ichinde-lk-boyuncha-22-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-zhukturup-algan
Добавить комментарий ×