Сургутта КР жараны 20 жылга кесилип, 1 млн. рубль айып төлөшү мүмкүн
Россиянын Сургут шаарынын прокурору Кыргызстандын 28 жаштагы тургунуна коюлган айыпты бекитти. Бул тууралуу Ханты-Мансийск автономдук округунун прокуратурасы билдирди.
Ага ылайык, КР жараны ири өлчөмдөгү баңгизатын сатууга аракет кылган деп айыпталууда. Тергөө органдары Кыргызстандын жараны синтетикалык баңгизатын жашырылган жерден алып, аны шаардын аймагында кайта сатууну максат кылган.
"Кыргызстандын жараны полиция тарабынан жашаган жеринен кармалгандыктан пландарын ишке ашыра албай калган. Укук коргоо органдары 200 грамм баңгизатын алган", — деп айтылат маалыматта.
Айыпталуучуну камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш ишин кароо сотко жөнөтүлдү.
Шектүүгө коюлган айып боюнча ал 20 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион рубль айып төлөшү ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/surgutta-kr-zharany-20-zhylga-kesilip-1-mln-rubl-ajyp-tlsh-mmkn
Добавить комментарий ×