Суракматов көк-бөрү оюнун көрүп ыйлаган балага ээр тартуулады

22 марта 2019 14:37 2095 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин мэри Азиз Суракматов улуттук көк-бөрүнүн кичинекей сүрөөнчүсү Алихан Кенжебек уулуна ээр тартуулады. Балага сыйлык тапшырып жаткан учурдун видеосун бүгүн, 22-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.

“Биз баардыгыбыз ал өзүнүн сүйүктүү командасына канчалык күйөрман болгонуна күбө болдук. Биз сени ушул спорттун түрү боюнча эң мыкты сүрөөнчү деп таптык.Сага ийгиликтерди каалайбыз жана  келечекте өлкөнүн мыкты спортчуларынан болосуң го деп ишенебиз”,-деп билдирди шаар башчысы балага кайрылып. Сыйлык катары ал жаш балага ээр тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө өзүнүн сүйүктүү командасынын жеңишинен соң сүйүнүчтөн ыйлап жиберген баланын видеосу жарыяланган болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/surakmatov-kk-br-oyunun-krp-yjlagan-balaga-eer-tartuulady



Добавить комментарий