Сурабалдиева 23 окуучунун эмнеден ууланганын иликтеп чыгууну тапшырды

9 декабря 2020 11:31 2430 Barometr
Поделиться в:
ok

 Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/surabaldieva-okuuchulardyn-tamak-ashtan-massalyk-trd-uulanyshyna-zhol-berbesh-kerek



Добавить комментарий