Сурабалдиева: Мени чаап жиберген аксакал атаны кечирдим. Атаке мени да кечириңиз

21 октября 2020 10:21 4866 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Эльвира Сурабалдиева “Ала-Тоо” аянтында митинг учурунда аны чаап жиберген аксакалды кечиргенин айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Аксакал ата өзүн ыңгайсыз сезип жатат го. Атаке, кейибеңиз. Мен кечирдим. Мени да кечириңиз, мындай болуп кетерин билсем, ошол күнү трибунага чыкпайт элем. Актана тургандай сөз да жок. Алдандык жаштар, эскилер эскиче ойноп кетишти. Бирок, жаркын келечек үчүн 5-октябрда аянтка келгендердин астында сүйлөгөн сөзүмөн кайтпаймын. Акыйкат үчүн күрөш да, үмүтүм да өчпөйт. Иштейбиз”, - деп жазган Сурабалдиева.


Ссылка: https://barometr.kg/surabaldieva-meni-chaap-zhibergen-aksakal-atany-kechirdim-atake-meni-kechiriiz



Добавить комментарий