Суммасы 5,6 миллион сом. Мыйзамсыз ташылып келген унаалар кармалды
Мыйзамсыз ташылып келген төрт автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталды. Мемлекеттке келтирилген зыяндын суммасы 5 609 591 сомду түзөт. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.
ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Бажы кызматынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 4 автоунааны аныкташты.
Алар “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота –Лендкрузер-200” жана “Мазда CX-5” унаалары.
Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар финполго өткөрүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/summasy-5-609-591-somdu-tzgn-myjzamsyz-tashylyp-kelingen-unaalar-karmaldy
Добавить комментарий ×