Беш жашында зордукталган аял сумкасына таш салып жүргөнүн айтты
Беш жашында зордукталган казакстандык Ляззат Ракишева мектепте сумкасына таш салып жүргөнүн, коргонуу үчүн ушундай жолго барганын айтты. Бул боюнча "Время" гезити жазды.
Ракишева катаал окуя тууралуу 38 жыл өткөндө гана айтууну чечкен. Азыр ал чет элдик компанияда финансы директору. Жашоосу жакшы. Жолдошу, төрт баласы бар. Бирок аял мындай көйгөйгө көз жуумп кою жаңы зордук-зомбулуктарга алып келерин билдирген.
Ляззат энеси жок өскөн. Атасы полицияда башкы тергөөчү болуп иштеген. Ал командировкага кеткенин күтүп ал каматкан кылмышкерлер аялын желкеге чаап, мойнун сындырып өлтүрүшкөн жана асып салып өзүн-өзү өлтүрдү деп коюшкан.
Алты айлык Ляззатты өлтүргөнгө колдору барбай жолго таштап салышкан.
Бул иш кышында болгон. Ал тоңуп калат деп ойлошкон. Бирок кыз аман калган.
Атасы кайгырганы менен экинчи ирет үйлөнгөн. Өгөй энеси жана атасы үйдө көп болбогондуктан Ляззат улуу байкесинин жанында калчу. Бир жолу кыз коридордогу эски диванга уктап калган. Агасы футбол ойногону кеткен. Бирөө бутунан түрткөндө ойгонуп, көзүн ачса 17-18 жаштагы кошуна балдарды көргөн. Алар бетин жаздык менен жаап салышкан. Ляззат оорудан улам эсин жоготкон. Түн ортосунда өзүнүн кроватында ойгонуп, жаман нерсе болгонун сезгени менен эч кимге айткан эмес.
Кыз түнт болуп, дарбазадан чыга албай калган. Ошол окуяда жыныс органдары жабыркагандыктан, кийин үч жолу операция кылдырууга туура келген.
Кийин башка айылдагы тайэжесиникинде 6 жыл жашап, кайтып келгенде зордукчул үйлөнгөнүн көргөн.
Ошондон баштап кыз өзүн коргоо үчүн сумкасына таш салып жүрө баштаган. Чоң класстар тийишкенде сумка менен чаап, алар эсине келгенче качып кетчү.
Турмушка чыкканда күйөөсү үйүнө жеткирип береринен тынчсызданган. Бирок ал түн байкалбай өткөн.
Бирок Ляязат экинчи турмушунан бактылуу болду. 30 жашында чыныгы бакытка жетип, бардык тартынуулардан, өзүн күнөөлдөн арылган. Төрт балалуу болсо да башынан өткөндөрдү айткан эмес. Кийин гана китеп жазып, аны окуганга жолдошуна берген.
Күйөөсү алгач аялынын бетин карай албай, андан соң зордуктаган адам тууралуу сураган.
Бирок зордукчул 6 жыл мурда мас абалында арыкка кулап, сөөгү кийин чычкандар кемире баштаганда табылган.
Жолдошу жана балдары Ляззатты түшүнүү менен кабыл алышкан.
Атасы да кызынын башынан өткөндөрдү китеп жарыкка чыккандан кийин билди. Ал өзүн күнөөлөгөн.
Азыр Ляззат юридикалык билим алып, балдарга карата зомбулук темасында дипломдук ишин жактады.
Ссылка: https://barometr.kg/sumkaga-tash-salyp-zhrgn-kazakstandyk-ayal-5-zhashynda-zorduktalgan
Добавить комментарий ×