Сулуулук салондору жарнамалган, бирок ден соолукка зыяндуу процедуралар кайсылар?

6 июля 2021 12:03 4019 Barometr
Поделиться в:
ok

Косметологго баруу көпчүлүк аялзатынын күн тартибиндеги көнүмүшкө айланып бара жатат. Албетте, баардык айымдар сулуу көрүнгүсү келет. Ошентсе да салондор сунуштаган баардык эле процедуралар пайдалуу эмес экенин биле жүргөнүңүз оң. Бүгүн barometr.kg дарыгер адистердин пикири боюнча зыяндуу болушу мүмкүн делген бир нече салон процедуралары тууралуу маалымдайт.

Пилинг

Пилингдин максаты эмне? Ал терини жаңыртып жана жашартууну көздөйт.Бул үчүн ар түрдүү химиялык заттар, щеткалар, скрабдар колдонулат.Бирок пилинг жасаткан учурда бир катар кесепеттерге да туш болушуңуз мүмкүн.

Ашыкча эле бетти түлөтүү бара-бара терини кызаруусуна, сезгич болуусуна алып келет. Теридеги май бездери начарлап, анда майда жаракаттар пайда болот жана тери өзүнүн ийкемдүүлүгүн жоготот.

Ошондуктан косметолог теринин тибине карап пилинг жасаганды билбесе, беттин териси сезгенип кетүү кооптуулугу бар.

Лазердик эпиляция

Лазердик эпилация жаман көргөн түктөрдөн биротоло арылтат деп ишенип алгандар бар. Бирок бул учурда дагы бир нече жагдайды эске алган оң.

Лазер чындыгында чачтын түбүн бузуп салат, бирок организм кайрадан жаңы түктөрдү өстүрүүгө аракет кылат. Ошондуктан эпиляцияны бир нече жолу кылууга мажбур болосуз.

Лазердик эпилациядан кийин дененин ошол бөлүгү өзгөчө сезгич болуп каларын анын кесепетинен аллергия пайда болорун эске ала жүрүңүз.

Каш-кирпиктерди ламинациялоо

Ламинация азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү жана дарылоочу процедура деп жарнамалашат. Бирок чындыгында ламинация-бул узак убакытка гана сакталуучу жасалга түрү. Ламинацияны чындап эле коюу, түктүү кашыңыз же кирпигиңиз болсо жасатсаңыз болот. Башка учурда бул жөн гана акча коротуу.

Мындан тышкары бул процедура териде аллергияны пайда кылышы мүмкүн.

Чачты кератин менен түздөө   

Чачты кератин менен түздөө дагы айымдар арасында популярдуу процедуралардын бири. Биринчиден, бул чачты калыбына келтирип жалтырак кылат деп эсептешет.Экинчиден, ал түз болуп атайын чач түздөөчү үтүктү күн сайын колдонуунун кереги жок деген жарнама айтылат.

Бирок бул процедураны кайра-кайра жасата бергенде теринин маселелери келип чыгат жана баштын терисинде ар түрдүү аллергиялык реакциялар пайда болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/suluuluk-salondoru-zharnamalgan-birok-den-soolukka-zyyanduu-proceduralar-kajsylar



Добавить комментарий