Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатышты

10 октября 2018 14:30 1413 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-октябрда  Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү.

 Белгилей кетсек, министр 8-октябрга караган түнү ооруканада көз жумган. Жумагулов көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап келген.

Ал коомчулукка журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал болчу. Былтыртан бери министрлик кызматты аркалап келе жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/sultan-zhumagulovdun-sg-zherge-berildi



Добавить комментарий