Сулайман-Тоодон секирип каза болгон кыз жакындарына "мени издебегиле" деген кат таштап кеткен

6 ноября 2020 11:49 1331 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында Сулайман - Тоодон өзүн таштап каза болгон кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз 2005-жылы туулган Жалал-Абад облусунун С.А аттуу тургуну.

Маркумдун ата-энеси кече, 5-ноябрда Жалал-Абаддан келип, анын С.А аттуу жаран экендигин далилдешкен.

Алдын ала маалыматта, кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерде каза болгон.

“Маркумдун жакындарынын айтымында, кыз үйүнө “мени издебегиле” деген кат таштап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан”, - деди Ош милициясы.

Эскерте кетсек, 30-октябрь күнү Сулайман-Тоодон секирип каза болгон кыздын өздүгүн тактоо жана жакындарын табуу үчүн Ош ШИИБ ММКларга кайрылуу жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/sulajman-toodon-sekirip-kaza-bolgon-kyz-zhakyndaryna-meni-izdebegile-degen-kat-tashtap-ketken



Добавить комментарий