Судья: Никени соттун кийлигишүүсү жок бузууга мүмкүн

30 августа 2019 13:36 1721 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Никени соттун кийлигишүүсү жок бузууга мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аниса Рыспекова «Аялдардын укугу жана ажырашуу. Алимент өндүрүү» аталышындагы иш-чарада билдирди.

«Эгер тараптар никеде туруп, бирок балдары жок болсо жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан никени бузса болот», - деди ал.

Анын айтымында, 2018-жылы Ленин райондук сотуна 600дөн ашык жаран никени бузуу боюнча арыз менен кайрылган. Ал акыркы мезгилде алимент өндүрүү боюнча кайрылган эркек кишилер көбөйгөнүн кошумчалады.

«Азыр эркектер да алимент өндүрүү боюнча арыз жазып калышты. Практикада аялдар көбүнчө Кыргызстандан чыгып кетип, балдар күйөөлөрүнүн же туугандарынын кароосунда калып жатат», - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/sudya-nikeni-sottun-kijligishs-zhok-buzuuga-mmkn



Добавить комментарий