Сүттүн пайдалуу жана зыяндуу жактары

10 октября 2022 08:15 4998 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк адамдар үчүн сүт рационундагы негизги азыктардын бири. Бирок анын пайдасы менен зыяны канчалык экенин баары эле биле бербейт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Сүт кальцийдин негизги булагы. Сүт айрыкча кош бойлуу аялдарга пайда алып келет. Анткени кош бойлуу аялдарда кальцийди колдонуу эки эсе көп керек болот. Бирок кальцийди сүттөн башка жашылча, жаңгак, эт боор жана куштун эттеринен алса болорун да унутпаңыз!

Анан калса кальций организмде башка пайдалуу заттар болбосо көптө сиңет. Анын эң жакын “досу”-белок. Белок аз болсо анын организмде иштелип чыгышы кыйындайт. Ошондуктан быштак, сыр жана йогрутта кальций тез иштетилет.

Сүттү  жаш балдарга бериш керек деп эсептешет. Бирок аны чоң адамдар колдонгон дагы абдан пайдалуу. Бул иммундук системаны бекемдеп, сөөктөрдүн борпоң болушун алдын алат.

Ссылка: https://barometr.kg/sttn-pajdaluu-zhana-zyyanduu-zhaktary



Добавить комментарий