Коронавируска чалдыккандар тез жардамды күтпөй стационарга барса болот
Коронавирустун белгилери байкалса тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, акыркы эки күндүн ичинде тез жардам кызматына 4 миңден ашуун чалуу болгон. Бүгүнкү күндө, бардык 36 бригада толук иштеп жатат. Кошумча күчтөр тартылып, дагы 20 автоунаа даярдап жатат.
“Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бардык ооруканалар кабыл алышат, негизгиси – оорулуунун клиникалык абалына карайт. Бирок көпчүлүк жарандарда оору симптомдору билинбестен же жеңил түрдө өтүп жатат. Бул жарандар стационарга жаткырылбайт”, - деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Ссылка: https://barometr.kg/stacionarga-tez-zhardamdy-ktpjle-zheke-unaa-menen-kelse-bolot
Добавить комментарий ×