Анжелика: "Негатив жазбай эле койгулачы эс алып алайын" Ырчы ким менен Дубайда эс алып жүрөт?

11 февраля 2019 09:57 6324 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова Дубайга эс алууга кетти. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн инстаграм баракчасына эс алууда жүргөн сүрөттөрү менен бөлүштү.

Көпчүлүктүн назарында жүргөн Анжелика кандай жаңылыгы менен бөлүшсө да, дайыма талкууга кабылып келет. Андыктан бул ирет ырчы хейтерлерден:

"Негатив жазбай эле койгулачы, эс алып алайын", -деп суранган пост жазды.

Бирок ага карабай ырчынын айрым окурмандары "Артыңда Марат ойношуң сүрөткө тартып жатабы", "сиз негативдерди аябай сүйчү элеңизго", "ич кийимиңди эле мактасаң болмок" деген өңдүү терс маанидеги пикирлерди жазып калтырышты, бирок бул жолу терс пикилер адаттагыдан аз.

Ал эми ырчы Дубайда ким менен эс алып жүрөт деген суроого Анжелика өзү эч кандай жооп бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-yrchy-anzhelika-dubajda-negativ-zhazbaj-ele-kojgulachy-es-alyp-alajyn-yrchy-kim-menen-es-alyp-zhrt



Добавить комментарий