Сүрөт. Ырчы Айпери Кубик кызы кайсыл жерине пластикалык операция жасатканы белгилүү болду

18 январь 2019 12:37 2819 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызынын буга чейин бетине пластикалык операция жасатканы айтылып келген. Ырчы айым да бул сөздөрдү четке какпай “ооба бет бөлүгүмө пластикалык операция жасаткам, бирок кайсыл жериме экенин айта албайм” деп келген эле.

Кечээ Айпери өзүнүн интернет баракчасына 10 жыл мурдагы жана бүгүнкү күндөрдөгү сүрөтүн жүктөп:

“1-сүрөт 2008-жылы ак куу болуп учур бараткан Айпери. 2-сүрөт 10 жылдан кийинки Айпери” –деп баяндама жазды.

Сүрөт чыгаары менен ырчынын катталуучулары, окурмандары жана хейтерлери “мурдуна пластикалык операция жасатканго”, “мурдуңду кимге жасаттың”. “пластикалык операция экени көрүнүп турат” деген өңдүү пикирлерди жамгырдай жаадырышты.

Чындыгында эле сүрөттөрдү салыштырып көргөндө эки сүрөттөн Айперинин мурдундагы өзгөчөлүктү байкоого болот.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-yrchy-ajperi-kubik-kyzy-kajsyl-zherine-plastikalyk-operaciya-zhasatkany-belgil-boldu



Добавить комментарий