Фото. Турсунбай Бакир уулу жубайы Канымга чет өлкөдөн өзгөчө белек алып келди

31 мая 2019 17:35 21137 2 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Экс-депутат, саясатчы Турсунбай Бакир уулу чет өлкөгө барып келди. Ал жактан жөн келбей үй-бүлөсүнө, сүйүктүү жубайына белектерди алып келди. Бул тууралуу жубайы Каным соцтармактагы баракчасында жазып сүйүнчүлөдү.

Ал жолдошу алып келген белектеринин бир четин окурмандарына көрсөтүп калган бөлүгүн кийин көрсөтөөрүн айтты.

“Көйнөктөрүмдү шашпай көрсөтөм, рахмат жаным”, -деп жолдошун белгиледи да, АКШнын таанымал брэнд косметикасынын сүрөттөрүн тиркеп койгон.

Аны көргөн көпчүлүк аларга бакыт каалап, жакшы каалоолорун жазышууда, ал эми айрымдар “эмнеге мактанып жатасың?” деп адаттагыдай сынга алууда.

Белгилей кетсек, жубайлардын жаш айырмачылыгы 37 жаш. Алар учурда 1 кыз жана 1 уулдуу болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-tursunbaj-bakir-uulu-zhubajy-kanymga-chet-lkdn-zgch-belek-alyp-keldi



Добавить комментарий