Сүрөт. Оштогу музыкалык мектептин 80 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн

16 октября 2018 17:35 1311 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын 80 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Бул тууралуу маалыматты ӨКМ билдирди. Берилген маалыматта, окуя тууралуу 2018-жылдын 16-октябрына караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп өрттөнуп жаткандыгы тууралуу ӨКМга маалымат келип түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө жалпы Ош шаардык куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 бөлүм тартылып, толугу менен 02:42де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты,  музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-oshtogu-muzykalyk-mekteptin-80-charchy-metr-ayanty-tolugu-menen-kjgn



Добавить комментарий