Сүрөт. Ольга Бузова: "Менин төшүм кичинекей, буттарым жоон, бирок..."

27 май 2019 17:48 3729 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алып баруучу, ырчы Ольга Бузова Россияда гана башка бир топ өлкөлөрдө катуу сындарга кабылып келет. Ырчы кандай болгон күндө да өзүн талкуу кылгандарга нейтралдуу түрдө гана жооп берүүгө аракет кылат, бирок айрым учурларда жүрөгү көтөрө албай кеткенин айтып көз жаштарын тыйбай ыйлап да берет. Ал бул жолу купальник кийип дене-мүчөсүн жылаңачтаган сүрөттөру менен бөлүшүп талкууга кабылды.

Айта кетсек Ольганын чыгармачылыгын инстаграм баракчасында 15 миллион 700 000 миңден ашуун адам окуйт.

Теле жана интернет жылдызы Бузова сыя түстүү купальник кийген сурөтү менен бөлүшүп:

“Менин төшүм кичинекей, буттарым жоон, бирок жан дүйнөм кенен жүрөгүм шок болуп турганда бул мааниге ээ эмес да”, -деп жазды.

Албетте, ырчыны жактырып аны колдоп, сулуулугуна суктангандар да жок эмес. Ошентсе да ага карабай Бузова кайрадан эле сындардын чордонунда калды.

Хейтерлер “канчалык ачык болсо ошончолук арзан”, “жан дүйнөсү кенен адам төшү менен жамбашын көрсөтпөйт”, “караганга уяласың” деген өңдүү бир катар терс пикирлерин жазып калтырышты.

 Айрымдар ырчыны олуттуураак болууга чакырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-olga-buzova-menin-tshm-kichinekej-buttarym-zhoon-birok



Добавить комментарий