Сүрөт деп ушуну айт! Сүрөтчү актай баракты 83 миң долларга сатты
Даниялык сүрөтчү Йенс Хаанинг Ольборг шаарындагы Заманбап музей искусствосу музейинен экспонат жасап берем деп акча алып, актай холстторду “искусствонун туу чокусу” деп жөнөтүп, өзү качып кетти.Бул тууралуу BBC булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Эми музей андан 534 000 крон же болбосо 83 000 долларды кайтарып ала албай жатат.
Музейдин өкүлдөрүнүн айтымында, сүрөтчү алдын ала акча алып жаңы көргөзмөгө өзүнүн сүрөтүн алып келем деп убада берген.
Бирок сүрөтчү Хаанинг акчаны алгандан кийин алкакка салынган эки актай баракты музейдеги көргөзмөгө жөнөткөн.
“Албетте буга тынчсыздандык. Бирок мен аябай күлдүм. Музейдин акчасын ал 16-январга чейин кайтарып бериши керек, биздин колубузда келишим бар”,-деп айтты музейдин директору Лассе Андерссон.
Бирок Хаанинг акчаны кайтарып бербей турганы айтты.
“Мен акчаны атайын алдым, айлыгымды убагында бербей коюшту, алардын эмгек шарттары өтө жаман, адилетсиздиктери үчүн ушундай кылдым”,-деп айтты ЖМКга берген маегинде сүрөтчү.
Ссылка: https://barometr.kg/srt-dep-ushunu-ajt-srtch-aktaj-barakty-83-mi-dollarga-satty
Добавить комментарий ×