Сүрөт. Абылгазиевдин бажасынын баласы “КТ Мобайл” компаниясынан алган 787 миң сом айлыгын кайтарып берди

31 мая 2019 10:13 1271 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Коомчулукта чуу жараткан “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу компаниядан алган айлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Туугандык байланыштарыма байланыштуу компаниядан айлык катары алган 787 миң сомду кайтарып бергеним туура деп ойлойм. Бул кадамым жана компаниядан кетишим “Салам” долбоорунун саясатташуу деңгээлин төмөндөтүп, ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнөм. Кыргыз мамлекетине өзүнүн улуттук уюлдук оператору керек деп ишенем”, – деди Иманкадыр уулу.

Эрназар Иманкадыр уулу билдирүү менен кошо эсеп дүмүрчөктөрүн да тиркеп койду.

Анда: Январь ай үчүн – 157 миң сом;

Февраль айы үчүн – 157 миң сом;

Март үчүн – 157 миң сом;

Биринчи квартал үчүн премия – 157 миң сом жана апрель айы үчүн – 157 миң сом алганын көрүүгө болот.

Эске салсак, Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы. Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясында эң көп айлыкты Эрназар Иманкадыр уулу алганы айтылган. Коомчулукта сын-пикирлер айтылган соң ал 16-майда кызматтан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-abylgazievdin-bazhasynyn-balasy-kt-mobajl-kompaniyasynan-algan-787-000-som-ajlygyn-kajtaryp-berdi



Добавить комментарий