Өспүрүмдөр арасында жайылган “48 саатка жоголуу” коркунучтуу оюну. ИИМ маалымат берди
Өспүрүмдөр арасында жайылып жаткан “48 саатка жоголуу” оюну боюнча балдардын жоголуусу тууралуу факты каттала элек. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 27-февраль күнү бир катар маалымат агенттиктерде жана социалдык тармактарда Кыргызстанда өспүрүмдөр үчүн зыяндуу “48 саатка жоголуу” аталыштагы оюндун жайылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган. Ушуга байланыштуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясы расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет:
"Жогоруда аталган оюн Россия Федерациясынын аймагында жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюндун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган жок. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча фактылар “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок. Аталган маалыматтын тарашына Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгына мектептердин жетекчилиги менен ата-энелерге алдын алуу жана эскертүүчү мүнөзүндөгү жөнөткөн каты себеп болгон. Бирок, аталган кат өзүнө жогорудагыдай фактылардын болушуна бөгөт коюу максатындагы алдын алуучу мүнөздү гана камтыйт".
2019-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын ичинен азыркы учурда 91 табылып, 8 жашы жете элек өспүрүмдү издөө уланууда. Жоголгондордун ичинен 53 бала, 43 өспүрүм кыз. Алардын жоголушунун себептерин аныктоодо 91 жоголгондордун ичинен 76сы ата-энелери менен урушуунун кесепетинен үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кетишкендиги такталган. Дайынсыз жоголгон жана табылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн көбү алты жаштан он төрт жашка чейинкилер 45, он беш жаштан он сегиз жашка чейинкилер 40, беш жашка чейинкилер болсо-6 . Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча бир дагы фактынын “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок.
Бирок, ата-энелер жашы жете-элек өспүрүмдөрдүн Интернет-мейкиндиктеги коопсуздугу жөнүндө эстен чыгарбоолору керек деп билдирет ИИМ.
Добавить комментарий ×