Жаш балдардын мушташын тартып интернетке жарыялаган келин кармалды

29 июня 2022 12:57 841 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин, соцтармакта жаш балдарды аёсуз мушташтырып жаткан келиндин видеосу катуу талкууга алынган. Милиция видеодогу келин кармалганын билдирди. Бул тууралуу
Баткен ОИИБнин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, 28-июнь күнү соцтармакка эки өспүрүмдү мушташтырып жаткан келиндин видеосу жарыяланып, коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган.

"Кадамжай районунун Кожо айылындагы атасынын үйүнө  38 жаштагы А.Г. 15 жаштагы уулу Марат (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жаштагы Канат (аты өзгөртүлгөн) аттуу балдары менен төркүнүнө коноктоп  келишкен. 

Ошол эле үйдө келиндин 31 жаштагы турмуштан ажырашкан сиңдиси, 9 жашар Мээрим (аты өзгөртүлгөн)  жана 8 жашар Сезим (аты өзгөртүлгөн) кыздары менен жашап жүргөн.

Жогорудагы аталган үйдө 10-июнь күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээрим экөө урушуп жаткан видео тартылып алынган. 

Видеодо байкалып тургандай турмуштан ажырап келген 31 жаштагы А.Г. өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип жаш балдарды уруштуруп жаткан 31 жаштагы эжесин уруп салгандыгы байкалган.

Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды.

 Ал эми, 38 жаштагы А.Г. өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/sprm-baldardyn-mushtashyn-videogo-tartyp-alyp-internetke-zharyyalagan-kelin-karmaldy



Добавить комментарий