Спорт менен эртең менен машыккан жакшыбы же кечиндеби?

11 апреля 2019 09:26 1409 Barometr
Поделиться в:
ok

Спорт менен эртең менен машыккан жакшыбы же кечинде машыккан туурабы? Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык кечки машыгуу эртең мененки машыгууларга караганда алда канча пайдалуу экен.Эмне үчүн? Төмөндө алар менен таанышып чыгыңыз.

Машыгуу сапаттуу болот

Эмне үчүн чуркайбыз? Ден соолукта жана сулуу болуш үчүн. Эртең менен жана кечинде жасаган бирдей эле машыгуу эки башка жыйынтык берет экен.Кечинде машыгуу булчуңдарды жакшы иштетип алардын өсүшүн шарттайт.Алар чыдамдуу болуп калат. Бир айлык машыгуудан кийин уйку ушунчалык канып адам жакшы уктай баштайт экен.

Кан басым төмөндөйт

Бул илимий жактан далилденген факт. Кечкисин машыккандардын кан басым 15 пайызга түшкөнү илимий изилдөөдө аныкталган.

Мыкты уйку

Кечки машыгуу татуу уйкуну камсыздоочу бирден-бир ыкма.Кечкисин машыгуу залында жүргөндөр түнкү эс алуусу мыкты болору далилденген.

Калорияны тез жок кылат

Бул дагы тегин жерден айтылган эмес, илимий жактан аныкталган факт. Окумуштуулар тобу кечкисин машыккандар чыдамкай болуп энтузиазм менен машыгаарын далилдешкен.

Мындан тышкары эртең менен канда көбүрөөк картизол гармону болгондуктан ал булчуңдардын өсүшүнө тоскоолук жаратат.

Ссылка: https://barometr.kg/sport-menen-erte-menen-mashykkan-zhakshyby-zhe-kechindebi



Добавить комментарий