Спикер 8-март майрамы менен куттуктаган Султангазиев кызуу талкууланууда

7 март 2019 14:45 2304 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактардын колдонуучулары активист Айбар Султангазиевге Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров 8-марттын урматына жөнөткөн открытканы талкуулашууда. Күтүүсүз белек тууралуу Айбар Султангазиев өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялаган.

Открыткада Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу коомдук кеңештин мүчөсү Султангазиев Айбар Турубаевичти эл аралык 8-март майрамы менен Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров куттуктаган.

Соцтармактын колдонуучулары эркек кишинин айымдар күнү менен куттуктаган мындай учурга күлүп, тамаша жазышууда.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы бул адамдык фактордон улам келип чыккан ката экенин маалымдады.

Barometr.kgге басма сөз кызматынан билдиришкендей 8 миң даана открытка Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абировдун жеке каражатына сатылып алынганын билдиришти.   

“Открыткаларга бир айдын ичинде жазылган, бирок майрам алдында жардамчылар аларды толтурууга үлгүрбөй, бир бөлүгү фамилияларды жазбай актай эле квартал башчыларына жөнөтүлгөн. Алар өздөрү толтуруп ошол аймактагы айымдарга жөнөтүшмөк. Кимдир бирөө Айбар Султангазиевдин атына ката жазып открытка жөнөтүп алган”,-деп түшүндүрүштү БШКдан.

Ссылка: https://barometr.kg/spiker-8-mart-majramy-menen-kuttuktagan-sultangaziev-kyzuu-talkuulanuuda



Добавить комментарий