"Сперма" банкында казак жана орус уруктар абдан аз калды. Кайсы улуттун уругуна талап жогору?
Казакстандын ЭКО борборундагы урук банкында "сперма" жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу Nur.kz басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Казакстанда ЭКО борборунун атайын "спермаларды" сактаган банкы бар. Ал банкта азыркы учурда казак жана орус уруктар дээрлик жетишсиз болууда. Анткени жасалма жол менен бойго бүтүрүүнү каалаган көпчүлүк айымдар казак улутундагы эркектин "спермасын" сурашат. Экинчи орунда орус улутунун уруктарына да талап бар.
Андан кийин корей жана татар улуттарынын спермаларына талап жакшы. Бирок бул эки улуттун уруктары банкта жетиштүү.
Мекеменин башчысы Гульнара Утепова бул тууралуу:
"Аялдар көпчүлүк учурда казак улутун тандашат - алар болсо бизде аз. Орус улутуна да талап жакшы. Бизге 35 жашка чыга элек эркектер донор боло алат.
Бизде донорлор тууралуу бардык маалыматтар сакталган бөлүм бар. Аялдар урук тандоо алдында донор тууралуу толук маалымат менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бирок донордун аты-жөнү купуя боюнча калат.
Кээ бирлер донордун кол жазмасын, үнүн сурашат. Мындай учурларда биз жаздырып алып кардарга көргөзөбүз" -деп маалымат берген.
"Сперма" берген эркектин жакшы акча иштеп алуу мүмкүнчүлүгү болот. Бирок тапшыруунун алдында 13000 теңгеге анализ тапшыруу зарыл. Анализдин жообу талапка жооп берчүдөй болуп чыкканда донорго 6 жолу "сперма" тапшырууга уруксат берилет. Бир жолку урука 12 000 теңге төлөнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/sperma-bankynda-kazak-zhana-orus-uruktar-abdan-az-kaldy
Добавить комментарий ×