СOVID-19: ДССУ индиялык штаммды кооптуу деп эсептейт

12 мая 2021 12:08 1140 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Изилдөөгө ылайык, коронавирустун B.1.617 түрү тез жайылат. Бирок, изилдөө иштери аягына чыга элек. ДССУ COVID-19 илдетине каршы вакцина индиялык штаммга каршы дагы натыйжалуу болоорун билдирди. Бул тууралуу ДССУга шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

“Индиядагы оор абал коронавирустун жаңы түрүнөн улам экендиги изилденип жатат . Эгерде вирус мутацияланып, тез жайылуу, вакцинага туруштук берүү жана бейтаптар илдетти оор көтөрүү катталса вирус кооптуу категорияга кирет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Индияда вируска кабылгандар жана каза болгондор расмий сандан дагы көп. Оор кырдаал Делиде. Анткени ооруканаларда бейтаптар кислороддун жетишсиздигинен каза табууда ”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Индиянын өкмөтү эки жолу мутацияланган вирустун түрү өлкөнү оор абалга алып келгенин айткан. Абал өтө оор экенине карабай, учурда бир нече штатта гана карантин чектөөлөрү киргизилген.

Учурда британиялык, түштүкафрикалык жана бразилиялык штаммдар кооптуу. Эми, индиялык штамм дагы бул катарды толукташы мүмкүн. 

Ссылка: https://barometr.kg/sovid-19-dssu-indiyalyk-shtammdy-kooptuu-dep-eseptejt



Добавить комментарий