Советтер союзунун акыркы маршалы Дмитрий Язов каза болду

25 февраля 2020 17:41 480 Barometr
Поделиться в:
ok

Советтер союзунун акыркы маршалы Дмитрий Язов каза болду. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Язов 25-февралда Москвада 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салган.

Тарыхчы Дмитрий Болтенковдун айтымында, Язов советтик жана учурдагы Россиянын аскер мектебинде аябай маанилүү фиргура болгон.

“Коргоо министри болуп турганда ал дүйнөнүн коопсуздугу үчүн көп нерсе жасады. 1980-жылдардын аягында СССР менен АКШнын мамилеси турукташкан. Өзөктүк куралдан баш тартуу аракеттери башталган. Дал ушул Язов өзөктүк коопсуздук боюнча оор системанын көзөмөлүн түзгөн”, — дейт ал.

Язов 1924-жылы Омкс губерниясында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Кызыл армиянын катарына өз каалоосу менен кирген.

1987-жылы СССРдин Коргоо министринин кадр маселелери боюнча орун басары болгон. Ошол жылдын май айында министрликти башкарган. 1990-жылы СССРдин президенти Михаил Горбачев ага Советтер союзунун маршалы наамын берген. 1991-жылы Язов отставкага кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/sovetter-soyuzunun-akyrky-marshaly-dmitrij-yazov-kaza-boldu



Добавить комментарий