Сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат
Бүгүн 1-октябрда үй камагында чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу алардын жактоочулары билдиришти.
29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.
12-сентябрдагы отурум болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Ссылка: https://barometr.kg/sotto-mrbek-tekebaev-menen-djshnkul-chotonovdun-ishi-karalat
Добавить комментарий ×