Сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу келишимге Осмонбек Артыкбаевдин тиешеси жоктугу далилденди

22 мая 2019 16:05 7745 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда, мурдагы Энергетика министри, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Рабига Садыкова жабырлануучу тарапты суракка алууда «Электр станцияларынын» юристи Урматбек Камбаровдон компаниянын уставы жана менчиктик түрү тууралуу суроо берди.

Анын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө келишимге кытайлык компания ТВЕА менен биргеликте кол коюу учурунда «Электр станцияларынын» акциясына ким ээлик кылып тургандыгы боюнча суроосуна Камбаров жооп берип, келишимге кол коюлган 2013-жылы «Электр станцияларынын» акциялары Маммүлк фондуна, Соцфондго жана Минфинге тиешелүү болгондугун айтты.

Артыкбаевдин жактоочусу Камбаровдон тактап коюуну өтүнүп, ошол учурда Энергетика министрлиги «Электр станцияларынын» акцияларына ээлик кылгандыгы же ээ эместиги тууралуу тактап сурады. Камбаров ээлик кылбагандыгын айтты.

"Энергетика министрлигине акциялар тиешелүү эмес жана тиешелүү болгон дагы эмес", - деди "Электр станцияларынын" юристи.

Ошондой эле Артыкбаевдин жактоочусу тигил же бул келишимди түзүү тууралуу чечимди компания кандай жол менен кабыл аларын белгилеген компаниянын уставы тууралуу сураганда, Камбаров компаниянын директорлор кеңеши менен акционерлердин чогулушунун макулдугу боюнча келишимге компаниянын жетекчиси кол коерун айтты. Юрист ошондой жактоочунун «Келишим түзүү үчүн Энергетика министрлигинин макулдугу талап кылынабы?»,-деген түз суроосуна «Жок» деп жооп берди. 

 «Электр станциялары» - бул ошол учурда акциялары Маммүлк фондуна тиешелүү болгон акционердик коом. Акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга ылайык, компания өз алдынча келишимдерди түзө алат, маморгандардын макулдугу талап кылынбайт. Андан тышкары, компаниянын акцияларына ээлик кылбаган маморгандар компаниянын коммерциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт", - деди Камбаров.

Ошентип, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө кытайлык компания ТВЕА менен «Электр станцияларынын» ортосунда түзүлгөн келишимге Осмонбек Артыкбаевдин тиешеси жоктугу далилденди.

Эске салсак, буга чейин дагы жабырлануучу тарап Артыкбаевдин ЖЭБ модернизациясына байланыштуу эч бир келишимге кол койбогондугун тастыктап келген. ЖЭБ боюнча эки келишим бар: бири - Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө кытайлык компания ТВЕА менен «Электр станцияларынын» ортосунда түзүлгөн контракттык келишим, экинчиси – КР Каржы министрлиги менен КЭР Эксимбанкынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим. 

Ссылка: https://barometr.kg/sotto-bishkek-zhebin-modernizaciyaloogo-bajlanyshtuu-kelishimge-osmonbek-artykbaevdin-tieshesi-zhoktugu-dalildendi



Добавить комментарий