ИИМ: Кундуз Жолдубаева камакка алынган жок

16 декабря 2019 19:26 13819 Barometr
Поделиться в:
ok

 Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кундуз Жолдубаева суракка чакырылып, коё берилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон баш аламандык, барымтага алуу жана өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иши иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2019-жылдын 16-декабрь күнү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн күбө катары Кундуз Жолдубаева чакырылган. Суракка алынган соң ал кое берилди.  Ал камакка алынды деген билдирүү чындыкка дал келбейт. 

Ссылка: https://barometr.kg/sotko-chejinkindrshtn-alkagynda-kunduz-zholdubaeva-surakka-chakyrylyp-koyo-berildi



Добавить комментарий