Сот Шамиль Атахановду бир айга абакка калтырды
Поделиться в:
Бишкектин Биринчи май райондук соту Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасын карады. Ал 26-июнга чейин абакта калтырылды.
Сот жабык режимдеги тартипте өттү. Атахановдун кызыкчылыгын адвокат Султан Баратов коргоду.
Шамиль Атаханов 21-майда кечинде “Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотулганы боюнча кылмыш ишинин алкагында камалган.
Атаханов ИИМди жана УКМКны жетектеген. Ошол кезде 2013-жылдын апрель айында Атаханов коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп турган.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-shamil-atahanovdu-bir-ajga-abakka-kaltyrdy
Добавить комментарий ×