Сот Бабанов менен жолугушуш үчүн жыйын кылууга уруксат берди
Биринчи май райондук соту президенттикке-экс талапкер Өмүрбек Бабановдун келишине байланыштуу жыйын өткөрүүгө уруксат берди. Мындай чечимди бүгүн 12-апрелде сот жыйынында кабыл алышты.
Бирок жолугушуу өткөрө турган жерди өзгөртүү сунушталды. Тактап айтканда соттун чечими менен Бабановдун тарапташтары Эски аянтта жыйын кура албайт. Жыйынды Горький атындагы паркка өткөрүүгө уруксат беришти.
"Республика" партиясынын юристтери соттун чечимине даттанууга ниеттенип жатышат.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы 13-апрелде Бабановдун тарапташтарынын Эски аянтта митинг өткөрүүсүнө тыюу салган.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-babanov-menen-zholugushush-chn-zhyjyn-kyluuga-uruksat-berdi
Добавить комментарий ×