Сот Атамбаевдин бизнес партнеру Субихи Пархатини эч жакка кетпѳѳ туурасында бѳгѳт чарасы аныкталды
Бишкек Биринчи май райондук соту мурдагы пезидент Алмазбек Атамбаевдин бизнес-партеру Субихи Пархатини эч жакка кетпѳѳ туурасында бѳгѳт чарасы аныкталды . Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан Barometr.kg маалымат агенттигине маалымдады.
Маалыматта, соттун токтому менен эч жакка кетпөө бөгөт чарасы тандалган. Ага карата сот тергѳѳнүн мѳѳнѳтү аяктаганга чейин ушундай бөгөт чарасын тандоону тергөө сунуштаган.
14 октябрда Субихи Пархатини Аскер прокуратурасы кармаган. Анын баш коргоо чарасын кароону жана Субихи Пархатини кармоо мыйзамдуу экенин кабыл алуунун суранган. Субихи Пархати легалдаштыруу жана кирешелерди алды деп шектелүүдө.
Буга чейин ишкерге издѳѳ жарыяланып камакка алуу талабы коюлган. Мындан тышкары Субихи Пархатиге кылмышка шектүү деген билдирүү тапшырылган.
Эске салсак, Субихи Пархати 2018 –жылы Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчү болгон.Кийин жападан жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калган. Алмазбек Атамбаев ЖЧКаны Пархатиге саткан деген маалымат айтылат. Бирок Субхиби Пархатинин сатып алуу мүмкүнчүлүгү аныкталган эмес.
Буга карабай Субихи Пархатинин аты сурма казган «Хуасинь» "Азия профессионал", компаниясына ээлик кылат. Активдүү эмес компания салык тѳлѳбѳйт. Ошондой эле, ишкер Матраимовдун үй-бүлөсү $ 700 млн чыгып кеткен учурда анын атын айтылат.
Добавить комментарий ×