Сот: Атамбаевди кармоо мыйзамдуу болгон
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күч менен кармалышы мыйзамдуу болгон. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн чыгарды.
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президенттин кармалышын мыйзамсыз деп табуу боюнча сотко өтүнүч келтирген болчу. Ал 8-августта Кой-Таштагы массалык башаламандыктан кийин Атамбаевдин кармалып, УКМК жеткирилгенин мыйзамсыз деп эсептеп, аны бошотууну талап кылды.
Бирок сот Атамбаевдин кармалышын мыйзамсыз деп табууга негиз жок деп токтом чыгарды. Сергей Слесарев соттун чечимине макул эместигин билдирди.
“Соттун чечими мыйзамга болгон кайдыгерлик. Биз соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан жогорку инстанцияларга кайрылабыз”, - деди адвокат.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-atambaevdi-karmoo-myjzamduu-bolgon
Добавить комментарий ×