Сот Алмазбек Иманкуловду 9-апрелге чейин тергөө абагында калтырды
Көз микрохирургиясы ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакта калтырвлды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Бишкектин Октябрь райондук соту Алмазбек Иманкуловдун баш коргоо чарасын кече, 12-февралда караган.
Сот тергөө тобунун жетекчисинин, КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басарынын тергөө учурунда камакка алуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды.
Соттун 12-февралдагы чечими менен Исманкуловго карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин N-1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алган.
Эске салсак, Исманкулов 10-февралда Бишкектеги 6-клиникалык оорукананын экинчи корпусунун имаратын ижарага алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Иш КР Башкы прокуратурасы тарабынан «Коррупция» беренесинин негизинде козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-almazbek-imankulovdu-9-aprelge-chejin-terg-abagynda-kaltyrdy
Добавить комментарий ×